Салык кызматы: 30 күндөн кийин иштебеген компанияларды каттоодон чыгаруу башталат
Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы иштебеген юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин тизмесин жарыялады. Расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөн соң салык органдары юридикалык жактарды мажбурлап жоюу жана жеке ишкерлердин каттоосун жокко чыгаруу процедураларын баштайт.
Белгиленген тартипке ылайык, ушул мөөнөт ичинде кредиторлор жана башка кызыкдар тараптардын белгилүү субъектилер боюнча мыйзамдуу негиздери же суроолору бар болсо, процедураны токтотуп туруу тууралуу арыз менен салык органдарына кайрылууга укуктуу.
Салык төлөөчүлөр жарыяланган тизмени Мамлекеттик салык кызматынын сайтынын башкы бетиндеги «Башка бөлүмдөр» деген бөлүмүнөн көрө алышат.
Салык кызматы бул чаралар салык базасын актуалдаштырууга жана өлкөдөгү чарбалык ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатууга багытталганын баса белгиледи.