Салык кызматы кафелердеги ККМ чектерде тейлөө акысынын суммасы ар түрдүү көрсөтүлүшүн түшүндүрдү

Мамлекеттик салык кызматы эмне үчүн коомдук тамактануу жайларында ККМ чектерде кафелердеги тейлөө акысынын суммасы ар түрдүү көрсөтүлөрүн түшүндүрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда тейлөө акысын көрсөтүү салык төлөөчүлөрдүн (кафе ээсинин) тандоосуна ылайык жүргүзүлөт:
- “тейлөө акысы” өзүнчө позицияда көрсөтүлөт;
- товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө үстөк баа түрүндө, ал ошондой эле тейлөөнүн курамдык бөлүгү катары эсепке алынат.

Мисалы, бир жерде тамактын баасы 500 сом, ага кошумча 10% тейлөө акысы — 50 сом кошулуп, бардыгы 550 сом деп көрсөтүлгөн. Мындай учурда ККМ чек тамактын баасын жана “тейлөө акысын” көрсөткөн эки сапты камтыйт. Тейлөө акысынын суммасы өзүнчө көрсөтүлөт жана ФПК системасына өз алдынча позиция катары берилет. (1-мисал)
Башка жерде ошол эле тамактын баасы 550 сом болушу мүмкүн. Бул суммага тейлөө үчүн үстөк баа кошулган. Бул учурда тамактын жана үстөк баанын суммасы бир позицияда көрсөтүлөт.(2-мисал)
“Бул эки ыкма тең туура. Эң башкысы, бардык операциялар фискалдык чекте туура көрсөтүлүшү керек”,- деп билдирди кызмат.
Мындан тышкары Салык кызматы маалыматтарды автоматтык түрдө берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырылып жатканын билдирди.
Пилоттук долбоордун алкагында коомдук тамактануу ишканаларынын бизнес-процесстери жарым-жартылай өзгөргөн: эсептешүүнү жүргүзүүнүн алдында накталай же накталай эмес төлөм формасын көрсөтүү зарыл. Мында программалык камсыздоонун жардамы менен түзүлүүчү ККМ чек мыйзамдарда белгиленген бардык милдеттүү реквизиттерди камтыйт.
Долбоордун максаты – коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү эсептөөлөрдү ачык-айкын кылуу жана процессти санариптик форматка өткөрүү болуп эсептелет.