Салык кызматы: Кыргызстанда патенттик система боюнча иштөөнүн жаңы эрежелери бекитилди

16.09.2025 | 17:41

Министрлер кабинети тарабынан Соода ишмердүүлүгү үчүн патенттин негизги суммасы жана өзгөчө режим үчүн салык ставкалары бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Ошондой эле салык колдонулуучу базарлар менен кичи базарлардын реестри бекитилди.

Тактап айтканда, базарларда жана кичи базарларда, ошондой эле аянты 30 чарчы метрге чейинки стационардык соода жайларында иштеген ишкерлер патент боюнча иш жүргүзө алышат. Ал эми соода борборлорунда жана өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн субъекттер патенттик системаны колдонууга укугу жок.

Бир соода орду үчүн патенттин ставкасы туруктуу болуп эсептелет жана соода аянтына же календардык жылдагы кирешеге жараша аныкталат. Патент алуу үчүн ишкер жергиликтүү салык органына арыз менен кайрылышы керек. Мындан тышкары, патентти салык төлөөчүнүн кабинети, мобилдик банкинг, төлөм терминалы же жергиликтүү салык органдары аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Токтом менен өзгөчө режимдеги соода аймагына тиешелүү салык ставкалары жана бул режим колдонулуучу базарлардын тизмеси да бекитилген. Азыркы учурда реестрге 17 базар кирген.

Салык кызматы ишкерлерди жаңы салык мыйзамдары менен таанышууга чакырды.

Scroll to Top