Салык кызматынын башчысы ата мекендик зергерлерди Bvlgari брендинин базасында окутуу тууралуу макулдашты

21.01.2026 | 10:23

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Италияга болгон жумушчу сапарынын алкагында «Vicenzaoro» эл аралык зергерчилик көргөзмөсүнө барды. Мекеме жетекчиси технологиялык кызматташтыкты талкуулоо үчүн алдыңкы дүйнөлүк бренддердин жана ассоциациялардын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Bvlgari (LVMH) тобунун туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Элеонора Риццуто менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө италиялык зергер үйүнүн базасында кыргызстандык зергерлер үчүн окутуу программаларын уюштуруу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Алмамбет Шыкмаматов КРнын баалуу металлдар секторундагы учурдагы реформалар жана республиканын чийки затты өнөр жайлык кайра иштетүү чөйрөсүндөгү дарамети тууралуу маалымат берди.

Тармакты техникалык модернизациялоо маселеси AFEMO зергерчилик жабдууларды өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Масимо Полеро менен талкууланды. Кыргыз тарап республикада толук этаптуу өндүрүш циклдерин — лабораториялардагы металлдарды анализдөөдөн баштап даяр буюмдарды чыгарууга чейин уюштуруу үчүн адистештирилген жабдууларды сатып алуу жолдорун карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары, Damiani Group жана Trevi Group S.r.l. компанияларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар өттү. Тараптар Кыргызстандын ишканаларына заманбап италиялык технологияларды киргизүү маселелерин козгошту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ички рынокту баалоо жана конкреттүү инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн италиялык өндүрүүчүлөрдүн КРга жооп иретинде келиши тууралуу макулдашуу болду.

Сапар кыргызстандык өндүрүүчүлөрдү эл аралык зергерчилик индустриясына интеграциялоого жана өлкөнүн кайра иштетүү секторуна жогорку технологиялык чечимдерди тартууга багытталган.

Scroll to Top