Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Салык кызматынын төрагасы «Кока-Кола» заводуна барды
24.07.2025 | 12:59
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Бишкектеги «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» заводуна барып, ишкананын өндүрүш процесси жана келечектеги пландары менен таанышты.
Ал сапардын максаты коомчулукка ири өндүрүш ишканалары керектөөчүлөрдүн саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн жооптуу экенин жеткирүү экенин белгиледи.
Заводдо алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү, куюу жана акциздик маркалоо процесси көрсөтүлдү. Шыкмаматов белгилегендей, суусундуктар оригиналдуу капкак жана чыныгы акциздик марка менен гана сатылышы керек.
Ошондой эле, салык кызматы сапатсыз жана жасалма продукциядан коргоо үчүн акциздик маркалардын дизайнын жана сапатын жакшыртууну пландап жатат.
Рубрики: Жаңылыктар