Салык кызматынын төрагасы онлайн сооданы салыктык жөнгө салуу маселеси боюнча ишкерлер менен жолукту

Салык кызматынын төрагасы онлайн сооданы салыктык жөнгө салуу маселеси боюнча ишкерлер менен жолукту

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов маркетплейстеги сатуучулар менен жолугушуп, онлайн соодадагы документ жүгүртүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.

Жолугушууга салык кызматкерлери, алдыңкы онлайн-платформалардын өкүлдөрү, салык жана бухгалтердик эсептөө жаатындагы адистер, электрондук коммерция жаатында  иштеген ишкерлер катышкан.

Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанда онлайн соода өнүгүп жатканын, күндөн-күнгө керектөөчүлөр көбүрөөк ыңгайлуулук жана убакытты үнөмдөө үчүн маркетплейстер аркылуу онлайн сатып алууларга артыкчылык берип жатышканын билдирген.

«Бул сектор жаңы жана ылдам өнүгүүдө, ошондуктан кылдат мыйзамдык жөнгө салууну талап кылган бир катар маселелерди жаратат», — деген ал.

Ошондой эле Шыкмаматов Салык кызматы диалогго дайыма ачык, сунуштарды угууга жана ишкерлер менен конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирген.

Ал эми онлайн соодагерлер маркетплейстерде иш жүргүзүү боюнча практикалык тажрыйбаларын бөлүшүп, сатууда кездешкен негизги көйгөйлөрдү ортого салышкан.

Мындан тышкары, катышуучулар Салык кызматынын жетекчисинен түшүндүрмө алып, электрондук соодадагы салык администрациясын жакшыртуу боюнча демилгелерди көтөрүшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>