Салык реформасы-2026: транзакциялык жыйым, тигүүчүлөргө жеңилдиктер жана чек арадагы көзөмөл

13.01.2026 | 16:05

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бир нече кодекске өзгөртүүлөрдү киргизген документ фискалдык жөнгө салуунун жаңы механизмдерин орнотуп, чек арадагы мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтөт жана жеңил өнөр жайына артыкчылыктарды берет.

Капиталдын транзитине жаңы салык

Негизги жаңылыктардын бири — Салык кодексинде атайын режимдин — транзакцияга салыктын пайда болушу. Эми чет өлкөлүк эсептердин ортосунда акча транзитине байланыштуу Кыргызстандын банктарындагы эсептерге каражат түшкөн операциялардан 0,1% өлчөмүндө жыйым алынат. Бул режим чет өлкөлүк уюмдарга багытталган, ошол эле учурда аларга бул атайын режимдин алкагында республиканын аймагында соода ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынат.

Көзөмөлдү күчөтүү үчүн чектөө киргизилди: чет өлкөлүк компания мындай операциялар үчүн Кыргызстандын бир гана банкынан эсеп ача алат. Банктардын өздөрүнө салык агенттеринин милдети жүктөлөт — алар салыкты кармап калууга, аны бюджетке которууга жана ай сайын салык кызматына отчет берип турууга милдеттүү.

Жеңил өнөр жайын колдоо жана социалдык төгүмдөр

Мамлекет тигүү жана текстиль тармагын стимулдаштыруу саясатын улантууда. Бул чөйрөдөгү жалданма кызматкерлер үчүн — ири уюмдарда дагы, жеке ишкерлерде дагы — киреше салыгынын 1% өлчөмүндөгү жеңилдетилген ставкасы белгиленди. Бул ченем узак мөөнөткө киргизилип, 2030-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

Мыйзамдарда социалдык камсыздандыруу боюнча да өзгөрүүлөр болду. Төгүмдөрдү (взносторду) эсептөө үчүн база такталды: чектүү өлчөм беш эселенген өлчөмдөн эки эселенген өлчөмгө чейин төмөндөтүлдү, бул төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн жүктөмдү өзгөртөт.

Көзөмөлдү жана жоопкерчиликти күчөтүү

Мыйзам тышкы экономикалык ишмердүүлүк жана баалуу металлдардын жүгүртүлүшү үчүн катаал эрежелерди киргизет. Атап айтканда, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды жана транспортту коштоочу документтери жок алып келүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлүүдө. Эреже бузгандарга жогорулатылган айып пулдар салынат, ал эми бир жыл ичинде кайталап мыйзам бузган учурда товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо каралган.

Ошондой эле зергерчилик рыногу көзөмөлгө алынды. Укук бузуулар жөнүндө кодекс атайын эсепке турбастан зер буюмдар жана алардын сыныктары менен иштеген жеке жана юридикалык жактарга айып пул салууну караган берене менен толукталды.

Администрлөө жана талаш-тартыштар

Реформа салыктык эмес төлөмдөрдү жыйноо боюнча ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрөт. Эми салык органдары таштанды чыгаруу үчүн жыйымдарды (бизнесте колдонулбаган жеке турак жайлардан тышкары), жер казынасын пайдаланууга лицензияларды кармап турууну, пробирдик жыйымды жана алкоголдук тармактагы төлөмдөрдү администрлейт. Ошондой эле мүлк салыгы боюнча жол-жоболор такталып, аны эсептөөдө салыкчылардын ролу кеңейтилип, турак эмес объектилер үчүн төлөө мөөнөттөрү оңдолду.

Маанилүү процессуалдык өзгөрүү болуп салыктык талаш-тартыштарды бейтарап соттордун (третейский сот) компетенциясынан чыгаруу эсептелет — эми мындай иштер жалаң гана мамлекеттик соттордо каралат.

Мыйзам жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, бирок фискалдык ченемдердин көбү, анын ичинде жаңы салыктар жана администрлөө эрежелери бизнеске ыңгайлашуу үчүн өткөөл мезгилди берүү менен 2026-жылдын 1-январынан тарта иштей баштады.

Scroll to Top