Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Салык төлөбөгөн 500дөн ашык жаранга өлкөдөн чыгууга чектөө киргизилген
22.04.2022 | 13:19
Салыктык карызы бар 535 салык төлөөчүгө өлкөдөн чыгууга чектөө киргизилген. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 1128 салык төлөөчү боюнча материалдар да саякатка чектөө боюнча чечим чыгаруу үчүн Сот департаментине жөнөтүлгөн.
Эске салсак, жаңы Салык кодексине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып салык карызы бар жарандарга карата бир катар чектөө чаралары күчүндө. Мындай чара 100 миң сомдон ашык карызы барларга колдонулушу мүмкүн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика