Кыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары«Жалындуу чабуул» жана «Матросовдун эрдиги»: Бишкектин картасындагы эрдиктин символдору
Салык төрагасы жасалма «Кока-Коланы» кантип билсе болорун көрсөттү
02.09.2025 | 10:10

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 28-августта Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында акциздик маркасы жок товарларды аныктоо боюнча рейд өткөрдү.
Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан ири соода түйүндөрүн текшерүү маалында жалпы суммасы 142 миң 811 сомго барабар 3 767 даана жасалма суусундуктар табылды.
Шыкмаматов рейддин жүрүшүндө жасалма «Кока-Коланы» кантип айырмалоо керектигин көрсөтүп берди. Ошондой эле ал Салык кызматынын кызматкерлерине бул суусундуктарды жеткирген тараптарды аныктап, мыйзам алкагында тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.
Рубрики: Жаңылыктар