«Манас» аэропортунда ички каттамдарды каттоо жайы өзгөрдүБишкектиктерди 1999-жылы менчиктештирилген батирлеринен ажыратып жатышатМамлекеттик органдар балдар жана карылар үйлөрүн колдоого алатДепутат майыптыгы бар адамдардын жеке ассистенти болуп иштөө үчүн курактык чекти жогорулатууну сунуштадыБишкек өзгөрүүдө, жана бул талаш-тартыштарды жаратууда — академик Чолпонкул Арабаев борбор калаанын келечеги тууралууКазакстан Кыргызстан, Азербайжан жана Түркия менен жүк ташууларды санариптештирди
Ташиевден жеме уккан. Кара-Сууда 9 балалуу үй-бүлө боюнча аким түшүндүрмө берди
02.09.2025 | 09:58

31-август күнү Барпы айылында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге 9 балалуу үй-бүлө кайрылып, жашоого турак жайлары жок экенин билдиришкен. Аял Ташиевге: «Оштон келдик. Үч күндөн бери артыңыздан жүрөбүз», — деп айткан.
Төрага үй-бүлө башчысынын ден соолугу чың туруп, жардам сураганына нааразы болгон. Бирок соңунда аларга жер тилке бөлүп берүүнү жана үй курууну караштыруу тапшырмасын берген.
Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев бул үй-бүлө тууралуу маалымат берип, төмөнкүлөрдү айтты:
- 2023-жылы үй-бүлөгө Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнөн бекер жер бөлүнгөн.
- Жергиликтүүлөр менен демөөрчүлөр алардын атына эки бөлмөлүү үй куруп беришкен.
- Бирок 2024-жылы үй-бүлө ал үйүн сатып жиберип, Отуз-Адыр айыл өкмөтүндөгү жайыт жерге үй салып көчүп барышкан.
- Азыр аларга ошол айылдан дагы жер берүү маселеси каралып жатат.
Рубрики: Жаңылыктар