Өзбекстандын Самарканд шаарында КМШнын маданий борбору болот. Бул тууралуу кечээ Бишкекте өткөн уюмдун жыйынында чечим кабыл алынды.
Белгилей кетсек, КМШга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын кеңешине Садыр Жапаров, Владимир Путин, Илхам Алиев, Александр Лукашенко, Сердар Бердымухамедов, Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиеев жана Касым-Жомарт Токаев катышты.
Уюм 1991-жылы үч өлкө ортосунда түзүлүп, кийин анын курамы 12ге кеңейген. 2009-жылы Грузия, 2016-жылы Украина, 2022-жылы Молдова келишимди токтотот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз