Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Эртеңкиге карата аба ырайы
13.10.2023 | 23:16
Эртең, 14-октябрда Кыргызстандын айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Айрым аймактарда үшүк жүрүшү ыктымал. Туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Абанын температурасы Чүйдө +7…+12, Талас, Нарын облустарында +6…+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +14…+19, Ысык-Көлдө +8…+13 градус жылуу болот.
Борбор калаада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +9…+11 градуска жетсе, Ош шаарында күн ачык болуп +16…+18 градус жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар