Самат Токтоналиев Жаштар иштери, дене тарбия жан спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун жаштар саясаты боюнча орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун агенттиктин басма сөз катчысы кабарлады.
Белгилей кетсек, Токтоналиев 2-ноябрда кызматынан бошотулган Мирлан Пархановдун ордуна келген.
Токтоналиев Самат Садыкович 1979-жылы 24-июнда Нарын шаарында төрөлгөн. В.П.Чкалов атындагы №2 мектепти бүтүргөн. 1996-2001-жылдары Нарын мамлекеттик университетинде юридикалык билим алган. 2003-2004-жылдары Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу адистиги боюнча магистратурада окуган.
Эмгек жолу:
- 2019 -2020-жж. –Өкмөткө караштуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Спорттук курулуштар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары;
- 2018-2019-жж. – «Чайна Петроль Компани Джунда» ЖЧКнын юристи;
- 2017-2018-жж. – Жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик-жеке кызматташтык жана инвестицияларды тартуу секторунун жетекчиси;
- 2017-ж – Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгында башкы адисинин милдеттерин аткаруучу (юрист);
- 2017-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук экспертиза жана персоналды башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- 2015-2016-жж. – Евразия Фондунун онлайн кеңеш берүү боюнча долбоорунун юрист кеңешчиси;
- 2013-2015-жж – «Деревообрабатывающий завод-3» ААКтын генералдык директору;
- 2008-2013-жж. – ЖЧК «Кастомс Карго Сервис», ААК «ДОЗ-3», ЖЧК «Консалт Карго», ЖЧК «Волшебная лампа», ЖЧК «Касабланка Де Люкс» компанияларынын юристи;
- 2008-ж. – «Kyrgyz Concept» ЖЧКнын улук юристи;
- 2007-2008-жж. – Швейцария агенттигинин колдоосундагы «LARC» өкмөттүк эмес уюмунун Сокулук филиалынын директорунун милдеттерин аткаруучу;
- 2005-2007-жж. – Швейцария агенттигинин колдоосундагы «LARC» өкмөттүк эмес уюмунун Ат-Башы филиалынын директору;
- 2004-2005-жж. – «Союз-БТ» кичи насыя компаниянын аткаруучу директору;
- 2004-ж. – Швейцария агенттигинин колдоосундагы «LARC» өкмөттүк эмес уюмунун Нарын филиалынын ассистенти;
- 2002-2003-жж. – «Укуктук маалыматтын китепкана борбору», «Сорос – Кыргызстан» фондунун долбоорунун юрист-координатору;
- 2001-2003-жж. – Нарын Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин мугалими;
- 1999-2000-жж. – «Молодые юристы Кыргызстана» Коомдук Бирикмесинин Нарын филиалынын уюштуруу бөлүмүнүн координатору.