Бишкекте тургун Ак Үйгө барып өзүн өзү өрттөөгө аракет кылдыбы? Расмий маалымат

Бишкекте тургун Ак Үйгө барып өзүн өзү өрттөөгө аракет кылдыбы? Расмий маалымат

Бүгүн, 13-ноябрда Ак Үйдүн алдына белгисиз жигит бензин көтөрүп барып өзүн өзү өрттөөрүн айтып, талап коюп жатат деген видео интернетке тарады.

Ал маалыматтарда аталган жигит “Ак Үйдү оңдогула шаардын көркүн бузуп жатат” деп талап коюп болбосо өзүн өзү өртөөрүн билдиргени айтылат.

Бул окуя боюнча Милициянын кайгуул кызматына байланышканыбызда алар туура эмес маалымат тарап кеткендигин билдиришти.

“Бул окуя бүгүн болгон. Видеодогу жигит өзүн-өзү өртөөгө аракет кылган эмес эч кандай талаптарды койбогон.  Ал жерде кайсы бир саясатчыны колдогон митинг өтүп, ошол митингге барган экен. Колуна кандайдыр суюктук куюлган бөтөлкөнү кармап турса, ошол жердеги аялдар бензин окшойт деп чоочулап, милиция чакырышыптыр.  Ал жерге барган милиция кызматкерлери аталган адам менен суйлөшүп текшеришкен. Колундагы бөтөлкөдө бензин эмес жөн эле суу болгон. Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп кийин коё берилген”, — деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>