Сания Шакирова каза болгон жол кырсыгына себепкер айдоочу кайра мас абалында кармалды
Бишкекте тескөөчүлөр мас айдоочуну токтотушту. Ал МККБнын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, кызматтан алынышы менен коркуткан. Мындан тышкары, айдоочу наркологиялык текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан жана документтерин бербеген. Натыйжада укук коргоочулар күч колдонууга мажбур болушкан.
Медициналык текшерүүдө айдоочунун мас экени тастыкталган. Ага протокол түзүлүп, Октябрь райондук ИИБине жеткирилген.
Ошондой эле, укук коргоочулар аталган айдоочу буга чейин да бир нече жолу мас абалда унаа башкарганын билдиришти.
Белгилей кетсек, айдоочу Чынгыз Кондубаев 2018-жылы «Дүйнөнүн сулуу айымы» наамына ээ болгон кыргызстандык Сания Шакировага каза болгон жол кырсыгына күнөөлүү болгон. Ал унаа башкарып бара жатып, даракка урунган. Ошол учурда сот аны күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркининен ажыраткан.