КР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар
Санкт-Петербургда мигранттарга таксист болуп иштөөгө тыюу салынды
29.07.2025 | 10:27
Санкт-Петербург шаарында чет элдик жарандарга такси айдоочусу болуп иштөөгө убактылуу тыюу салынды. Бул мыйзамга губернатор Александр Беглов кол койду.
Мындай чара жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын жакшыртуу жана жергиликтүү жарандар үчүн жумуш орундарын көбөйтүү максатында кабыл алынды.
2025-жылдын аягына чейин патент менен иштеген мигранттар таксиде же айдоочулук кызматтарда иштей албайт. Ал эми компаниялар үч ай ичинде мигрант айдоочулар менен келишимдерди токтотуп, алардын ордуна башка кызматкерлерди табууга тийиш.
Рубрики: Жаңылыктар