Сапар Исаков 45 жашта. Экс-премьер тууралуу кызыктуу фактылар

29.07.2022 | 10:02

Бүгүн экс-премьер-министр, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Сапар Исаков 45 жашта. Reporter.kg ал тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

– Сапар Исаков 1977-жылы 29-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргызстандын эл аралык университетин аяктаган;

– 1999-2003-жылдары — Кыргызстандын эл аралык университетинде мугалим болуп иштеген;

– 2003–2007-жылдары — КР Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы болгон;

– 2007-2009-жылдары — өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жана сырткы байланыш бөлүмүнүн башчысы;

– 2010-жылы— Убактылуу өкмөттүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси, андан соң президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

– 2011–2017-жылдары — Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басар рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

– 2017-жылдын 31-январынан тарта — Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;

– 2017-жылдын мартында өлкө башчынын буйругу менен президентинин аппарат жетекчилигине дайындалган;

– 2017-2018-жылдары — премьер-министр болуп иштеген;

– Жубайы илимдин кандидаты. Экөө төрт кыздан кийин эгиз уулдуу болушкан;

– 2020-жылдын 9-июнунда Биринчи май райондук соту тарабынан Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоодогу корруциялык иштери үчүн 18 жылга эркинен ажыратылган;

– 2020-жылдагы октябрь окуясында түрмөдөн чыгарылып, чет өлкөгө качып кеткен. Кийинчерээк ал башка иш боюнча дагы айыпталып, издөө жарыяланган.

2022-жылдын 23-июнунда ал Жогорку Кеңештин депутаттары менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго парламентте айтылган сындарына жооп берген.

Scroll to Top