Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Сариев менен Нарымбаев 30-ноябрга чейин камакта калды
24.09.2021 | 15:22
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-премьер-министр Темир Сариев менен президенттин аппартынын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасын карап, 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторунда калтыруу чечимин чыгарды.
Экөө тең Кумтөр кениндеги жемкорлукка шектелип, УКМК тарабынан камакка алынган.
Бүгүн ушул ишке байланыштуу мурдагы өкмө башчысы Жоомарт Оторбаев менен Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбековдорду да сот 30-ноябрга чейин камакта калтырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат