Тажикстандын күч кызматкерлери кармап кеткен окуучулар бошотулду

Тажикстандын күч кызматкерлери кармап кеткен окуучулар бошотулду

Тажикстандын күч кызматкерлери кармап кеткен эки окуучу бошотулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода баштаган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушкан.

Жолугушууда Лейлек районунун Жаштык айылы менен чектешкен Тажикстандын Хистеварз айылындагы кармалган 2 окуучу боюнча кеп болгон.

«Сүйлөшүүнүн натыйжасында тажикстандын күч органдары тарабынан кармалган эки окуучу Лейлек районунун Жаштык айылынын тургундары бошотулду»,- деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, кечээ Баткен облусунда Тажикстандын күч кызматкерлери 16 жаштагы эки окуучуну кармап кеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>