Сасык тумоо: Чүйдө 40тай бала бакча, Ошто беш мектеп карантинге жабылды

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо ооруларынын көбөйүшүнө байланыштуу Чүй облусунда 40тай бала бакча карантинге жабылды. Ал эми Ош облусунда 5 мектеп онлайн окууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Буга чейин Бишкек шаарында 25ке жакын бала бакча карантинге жабылган.
Министрликтин маалыматында, өлкө боюнча 37 миң 68 сасык тумоо жана КРВИ учурлары катталды. Ооругандардын 73%ын 14 жашка чейинки балдар түзүүдө.
Оорунун эң көп катталышы Ош жана Бишкек шаарларында, ошондой эле Баткен жана Чүй облустарында байкалууда.
“Ар кандай уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине санитардык эрежелер даярдалды, райондук администрацияларга жана тиешелүү мекемелерге каттар жөнөтүлдү. Ошондой эле ири соода борборлоруна, маданий жана билим берүү мекемелерине профилактикалык чараларды күчөтүү боюнча эскертүүлөр берилди”,- деп айтылат маалыматта.