Жаан жаап, күн күркүрөйт: 25-сентябрга карата аба ырайынын божомолуБишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөт
Курулуштун масштабы таң калтырат. Жаңы Ош базары ыкчам темп менен салынып жатат
03.12.2025 | 13:31
Бишкектин түндүк-батыш тарабында аянты 160 гектардан ашкан жаңы Ош базарынын ири курулушу ылдам темп менен жүрүүдө. Жаңы комплекс азыркы иштеп жаткан базардан 4–5 эсеге чоң болот.
Дрон менен тартылган кадрларда айланасы тегерек формасындагы зор имараттын курулуп жатканы байкалат. Анда соода павильондору жана кампалык блоктор, унаа токтотуучу жайлар, логистикалык терминалдар, коомдук тамактануу аймактары, ошондой эле тейлөө жана эс алуу үчүн бөлүнгөн жайлар жайгашат.
Подрядчынын маалыматына караганда, биринчи этапта жалпы аянты 2 миң 500 чарчы метр болгон алты модулдук корпус курулат. Кийин алардын саны эки эсеге көбөйтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом