Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Сасык тумоо менен ооругандардын саны азайды
29.01.2024 | 17:27
2024-жылдын 22-январынан 28-январына чейин Кыргызстанда 8 миң 89 сасык тумоо жугузгандар катталды. Алардын 68,6 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Ооругандардын саны 13 пайызга азайды.
Департаменттин маалыматында, 2023-жылдын октябрь айынан тарта А/ H3N2 же “Гонконг” вирусу таркап жатат.
Эпидемиологиялык абал айрыкча Бишкек шаары, Чүй жана Ош облусунда курч.
COVID-19 инфекциясынын аптада 5 учуру катталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом