Бишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады«Кирешелүү тармактарды монополия кылып алышкан» — Орунбеков «Манастын» мурдагы жетекчилиги тууралууКМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видео
Сасык тумоо боюнча кырдаал: ооругандардын 65 пайызы балдар
26.12.2023 | 10:43
Өткөн аптада (18-декабрдан 24-декабрга чейин) сасык тумоо жана башка вирустук илдеттер менен ооруган жарандардын саны 40,2 пайызга көбөйүп, 16 миң учур катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Ооругандардын 65,2 пайызы 14 жашка чейинки балдар (10 миң 578) .
Департамент бул мезгилде А тобундагы сасык тумоо күч аларын белгилейт.
Андан сырткары COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандар дагы бар. Күнүнө 2-5 учур катталууда.
Департамент беткап тагып, санитардык талаптарды сактап, ооруган балдарды үйдө алып калып, дарыгердин кароосу менен гана дарылоо кеңешин берет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом