Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Сасык тумоо: өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окууга өтүп, 217 бала бакча жабылды
08.12.2025 | 13:38

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) күч алышына байланыштуу өлкө аймагында 207 мектеп онлайн окууга өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Ошондой эле 214 бала бакча убактылуу карантинге жабылды.
Министрлик балдардын абалына Саламаттык сактоо министрлиги, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти менен биргеликте тыкыр көзөмөл жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкө боюнча ооругандардын саны расмий түрдө 36 миңдей учурга жеткен, алардын 70%дан ашыгы — 14 жашка чейинки балдар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом