Айдит Эркин Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалдыАла-Арчада жоголгон 15 жаштагы өспүрүмдү издөөгө тик учак жөнөтүлөт9-ноябрдан тарта Бишкекте №23 автобус каттамы экиге бөлүндүЫсык-Көлдүн жээгинде чатырда от жаккан жаранга чара көрүлдүМинздрав калктын инфекцияларга каршы иммунитетин текшеретЫсык-Көлдө кубаттуулугу 7,8 МВт болгон «Жыргалаң» кичи ГЭСи ишке кирди
Сасык тумоо: өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окууга өтүп, 217 бала бакча жабылды
08.12.2025 | 13:38

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) күч алышына байланыштуу өлкө аймагында 207 мектеп онлайн окууга өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Ошондой эле 214 бала бакча убактылуу карантинге жабылды.
Министрлик балдардын абалына Саламаттык сактоо министрлиги, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти менен биргеликте тыкыр көзөмөл жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкө боюнча ооругандардын саны расмий түрдө 36 миңдей учурга жеткен, алардын 70%дан ашыгы — 14 жашка чейинки балдар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом