ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Сатып жаткан унааны 5 мүнөткө камсыздандыруунун кереги барбы?
26.09.2024 | 12:18
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев унааны сатып жатканда, ОСАГО полиси болушу керек деген норманы жокко чыгарууну сунуштады.
Анын айтымында, учурда унаасын сатып жаткан адам да, аны алып жаткан киши да ОСАГО полисин алууда.
“Бул туура эмес. Сатып жаткан унааны 5 мүнөткө камсыздандыруунун кереги барбы. Менимче кереги жок. Бул жөн гана камсыздандыруу компанияларынын бизнеси. Мамлекетке бир да пайдасы жок. Муну жоюш керек. Ким унааны сатып алса, ошол киши камсыздандыруу жасашы керек”, – деди депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом