Сауд Арабиясында 45 индиялык зыяратчы кырсыктан каза тапты

19.11.2025 | 10:31

Сауд Арабиясында ажылыкка барган 45 индиялык зыяратчы автокырсыктан каза тапты. Бул тууралуу индяилык India Today басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрда умрадан кайтып келе жаткан автобус Медина шаарынан алыс эмес жерде дизелдик цистерна менен сүзүшкөндөн кийин өрттөнүп кеткен.

Автобустун ичинде 46 жүргүнчү, анын ичинде 11и жаш бала болгон. Жүргүнчүлөрдүн бирөө гана аман калып, калгандары окуя болгон жерде каза болгон.

Индиянын өкмөтү кырсыкты иликтөө жана жардам көрсөтүү боюнча аракеттерин улантып жатканын билдирди. Премьер-министр Нарендра Моди өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бардык мүмкүн болгон колдоону көрсөтүп жатканын айтты.

Сауд Арабиясынын тергөө органдары кырсыктын себептерин тактап жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка техникалык мүчүлүштүктөр жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин бузулушу себеп болушу мүмкүн.

Scroll to Top