Саясат, экономика, энергетика: Жапаров менен Пакистандын премьер-министри кыргыз-пакистан кызматташтыгын талкуулашты

Бүгүн, 4-декабрда, Садыр Жапаров Исламабад шаарында Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен тар жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда эки жактуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле энергетика, инфраструктура жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселерин талкуулашты.

Премьер-министри Шахбаз Шариф эмне деди?
Пакистандын премьер-министри Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, анын акыркы 20 жылдагы Пакистанга болгон сапарын кыргыз-пакистан мамилелеринин жаңы барагын ачып, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө болгон даярдыкты чагылдырарын билдирди.
Ошондой эле ал эки мамлекеттин жакынкы жылдарда өз ара сооданын көлөмүн 200 млн долларга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин ырастады.

Садыр Жапаров эмне деди?
Өз кезегинде Садыр Жапаров Кыргызстан Пакистанды боордош мамлекет жана руханий, тарыхый жана маданий байланыштар, ошондой эле жалпы исламдык баалуулуктар бириктирген ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын белгиледи.
Ал кыргыз тараптын саясий диалогду жаңы деңгээлге чыгарууга, делегация алмашууну активдештирүүгө жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулуусун билдирди.
Эмнелер талкууланды?
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорттук инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү маселелерин да кеңири талкуулашып, аймактын транзиттик потенциалын бекемдей турган “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” магистралын курууну камтыган темир жол долбоорлорун илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Эки өлкөнүн Карачи жана Гвадар сыяктуу Пакистандын деңиз портторун пайдалануу багытында кызматташууну кеңейтүүгө болгон умтулуусу белгиленди. Бул Кыргызстанга дүйнөлүк рынокторго чыгуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Мындан тышкары, тараптар Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо маанилүү болгон CASA-1000 аймактык энергетикалык долбоорун ишке ашырууну сүйлөшүштү.