Саясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза тапты
18-октябрга караган түнү Бишкекте 61 жаш курагында белгилүү журналист Вадим Ночевкин дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жубайы Facebook’тагы баракчасында кабарлады.

Вадим Ночевкин КМШ өлкөлөрүндө таанымал журналист болгон, ал бул кесипке 35 жыл өмүрүн арнаган. Карьерасынын көпчүлүк бөлүгүндө «Дело №» гезитинде иштеп, саясат жана кылмыш темасындагы материалдарды жарыялап келген.
Вадим Ночевкин 1965-жылдын 14-январында Бишкек шаарында төрөлгөн. Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында кесиптештери жана достору анын дарылануусу үчүн акча чогултууну уюштурушкан эле. Ошол кезде дарыгерлер анын абалы жакшырып жатканын билдирген.
Маркумду жерге берүү зыйнаты эртең, 19-октябрда, саат 11:00дө Курманалиев көчөсү, 99-даректе өтөт.
Reporter.kg редакциясы Вадим Ночевкиндин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.