Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Таш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
18.10.2025 | 20:30

Бишкектин Көк-Жар аймагында таш жүктөгөн жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окурман билдирип, окуя болгон жерден видео жөнөттү.
Кырсык 7-Апрель көчөсүндө болгон. Унаа жолдун ортосундагы жашыл тилкеге чыгып, дарактарды жана зымдарды сындырган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу унааны башкара албай калган. Азырынча кырсыктын так себеби аныктала элек.
Эгер сизде да кызыктуу маалымат же видео болсо, аны «Элдик репортёрдун» WhatsApp же Telegram номерине жиберсеңиз болот: +996 995 232 413