Кенияда 2006-жылдан бери биринчи ирет пил эгиз тууду. Бул сейрек көрүнүш. Newsweek басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Кениянын түндүгүндөгү атайын корукта жашап жаткан пилдердин бири эгиз тууган.
“Чындыгында бул — өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш. Эми эки баласын баккан эне үчүн чоң стресс болот го. Учурда эгиздердин ден-соолугу туруктуу. Эч кандай өзгөрүүлөр байкала элек. Күнүгө ар бир кадамына көз салып, ден-соолугун тыкыр текшерүүгө алуудабыз”— деди Save the Elephants уюмунун негиздөөчүсү Ян Дуглас.