Кыргызстан менен Жапония кош салык салууну болтурбоо боюнча макулдашуунун долбоорун талкууладыБишкекте заманбап балдар оорукана имараты ишке берилдиКыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кербени өтүүдөКыргызстандын ИДПсы 2025-жылдын тогуз айында 1,24 триллион сомго жетти«Таксист-маньяк»: Кумарбектин кылмыштарынын коркунучтуу хронологиясыМадагаскарда президент өлкөдөн качып, бийлик аскерлердин колуна өттү
Мандатыңды тапшыр! Ш.Атазовго каршы митингге депутат өзү келди
15.06.2022 | 11:11
Бишкек шаарында бүгүн, 15-июнда Ак үйдүн алдында Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовго каршы тынчтык митинги өтүп жатат.
Митингчилер депутаттан мандатын тапшыруусун талап кылышууда. Акцияга жалпы 20га жакын активисттер катышууда.
Буга чейин 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Свердлов шайлоо округунан депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштардагы кыздарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салууну сунуштаган.
Акциянын катышуучуларына депутат Ш.Атазов элечек кийген аялдардын катышуусунда чыгып, көтөргөн демилгесинин себебин түшүндүрүүдө.