Кыргызстандык аял эки баласы менен Ирактагы түрмөгө түшүп калган

Кыргызстандык аял эки баласы менен Ирактагы түрмөгө түшүп калган

Бүгүн, 15-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов Ирак жана башка мамлекеттерге алданып барып, абакта камалып жаткан кыргызстандыктар тууралуу маселени көтөрдү.

Айзада Зайнидинова аттуу жарандын жакындарынан келип түшкөн кайрылуу тууралуу кеп кылган эл өкүлү: «Ал 2015-жылы үч айлык баласы менен Түркияга күйөөсүнүн артынан иштегени кетип, ошол жылдын сентябрына чейин Стамбулда үй-бүлөсү менен жашап жүрүшкөн. Көп өтпөй Кыргызстандагы жакындарына чалып, Ирактын Сирия менен чектешкен аймагына алданып барып калышкандыктарын, өзү эки баласы менен түрмөгө камалып, күйөөсү дайынсыз жоголгонун айткан экен.

Учурда Айзада өңдүү 40тан ашык кыргыз кыз-келиндери Ирактын түрмөлөрүндө, дагы көптөгөн жарандарыбыз башка мамлекеттерде кесилип, көп жылдан бери абактарда жатат. Андыктан иш издеп, оокат кылабыз деген аруу тилектер менен чет өлкөгө кетип, шылуундарга алданып, Иракта камалган эже-карындаштарыбызды куткаруу маселесин чечип беришибиз керек», — деди.

Бул маселеге Тышкы иштер министрлиги жана мигранттар менен иш алып барган тийиштүү мекемелерди көңүл бурууга чакырган депутат, кайдыгер карабай, жарандарды кайтаруу аракетин көрүү керектигин кошумчалады.

Жыйынтыгында аталган маселе боюнча протоколдук тапшырма берилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ирак

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>