Шайлоодо «өзгөчө» калемсаптар колдонулабы? БШКнын жообу

Шайлоодо «өзгөчө» калемсаптар колдонулабы? БШКнын жообу

Шайлоодо жазуусун өчүрүп кайра оңдоп койсо боло турган ручкалар колдонулат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. 

«Шайлоодо жазуусун өчүрүп кайра оңдоп койсо боло турган ручкалар колдонулат деген маалымат калп. Биз эң жогорку сапаттагы жазуусу өчпөй турган ручкаларды сатып алганбыз. Алардын баары эң жогорку сапаттагы, материалдан», — деди Шайылдабекова.

Белгилей кетсек, буга чейин аталгандай ручкалар колдонулуп, шайлоочулардын добушу бурмаланат экен деген маалыматтар интернет тармагында тарап, талкууланып жаткан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Анда 16 саясий партия ат салышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>