Журналист Шайырбек Абдырахаман уулу Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешине мүчө болду. Тийиштүү токтом 12-феварлда кабыл алынганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Абдырахаман уулу Байкоочу кеңештин курмамына президенттин квотасы боюнча киргизилген.
Шайырбек Абдырахаман уулу 1976-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. Жогорку билимдүү: 2001-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүгөн. Ошондон бери журналистика жаатында эмгектенип келет. Кезинде ЭлТР Мамлекеттик телерадиокорпорациясын жетектеген.