Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарында Нарын дарыясынын жээгинен 11-май күнү 6 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Куткаруучулар аны суудан чыгарып, ата-энесине өткөрүп беришти.
Баланын кантип сууга түшүп кеткени белгисиз.
Белгилей кетсек, учурда Нарында 12-майдан бери дайынсыз болуп жаткан 4 жашар кызды издөө уланууда.