Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет, 29-31-июлунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Ысык-Көл облусунун дарыяларында дарыялардын нугуна жанаша жайгашкан аймактардын жээктерин, жайылма участокторун жууп, суу каптоолор болушу мүмкүн.
Мындай учурлар катталса дароо ӨКМдин куткаруу кызматына кабарлоо керектиги эскертилет.