Орусия Сириядагы аскердик операциясын расмий түрдө 2015-жылы 30-сентябрда баштаган.
Орусиянын Аскердик-космикалык күчтөрүнүн мурдагы башчысы Виктор Бондаров 2018-жылы эле Сирияда курман болгон орус жоокерлеринин саны 112ге жеткенин билдирген.
Дүйнөлүк маалымат агенттиктеринин билдирүүлөрүнө ылайык, Сириядагы Орусиянын жоготуулары мындан кыйла көп болушу мүмкүн. Reuters’тин маалыматына караганда, 2017-жылы эле аскердик операциялар маалында 131 орусиялык каза болгон – бирок алар Орусиянын Коргоо министрлигинин курамына кирбеген жалданма жоокерлер болушкан.
2018-жылы АКШ күчтөрүнун аба соккуларынан орусиялык 200гө жакын жалданма аскер курман болгону кабарланган. Кийинчерээк бул кагылышуудан аман калган бир нече орусиялык жоокер анда кеминде ондогон киши өлгөнүн ырастаган.