3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификациялады
Сириядан мекенине 64 бала жана 31 аял кайтарылды
30.08.2023 | 10:42
Бүгүн, 30-августта Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерден Кыргызстанга 95 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мекенине кайтарылып келгендердин 31и аял, 64ү өспүрүм жана кичинекей балдар болуп саналат. Алар Кыргызстанга атайын учак менен алынып келген.
Аталган иш-чаранын алкагында Кыргызстандын делегациясы Сириянын түндүк-чыгышында жашаган элге керектүү дары-дармектерди жеткирип, гуманитардык жардам көрсөткөн.
Кыргызстандыктарды мекенине кайтарууда АКШнын өкмөтү, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл крест комитетине көмөк көрсөткөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом