Бишкек шаарында скутер менен бара жаткан 17 жаштагы өспүрүмдү өлтүрө сүзгөн BMW унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Кырсык 24-февралда саат 21:00 чамасында болгон. 17 жаштагы К.Д. Асылкеч көчөсүндө скутер айдап бара жаткан. Жаш жигит Жайыл баатыр көчөсү менен кесилишкен жерден батышты көздөй сол тарапка бурула баштаган. Ошол учурда ал жерде БМВ 740 үлгүсүндөгү унаа айдап бара жаткан, 1999-жылы туулган Э.М. скутер менен бараткан жигитти сүзүп, ал ошол жерден жан берген.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу, байкабастыктан өзгөчө оор залал келтирүү) менен катталган. БМВнын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз