Кара түтүндөн арылуубу же сандар менен ойнообу? Эмне үчүн азырынча таза аба үчүн мэрияга ыраазычылык билдирүүгө эрте?
Жакында Жогорку Кеңештин жыйынында маанилүү билдирүү жасалды: борбор калаа бийлигинин эмгеги менен кара түтүн көйгөйү чечилди. Бирок экологдор жана мониторинг башка маалыматтарды берүүдө. Чын эле Бишкекте аба таза болуп калдыбы же биз жөн гана булганууну көрбөй калдыкпы, ушуну териштиребиз.
Ыраазычылык билдирүүгө себеп барбы?
Парламенттин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу оптимисттик маанайда сөз сүйлөдү. Анын айтымында, быйылкы кышта борбор калаанын тургундары сөздүн түз маанисинде эркин дем ала алышат.
«Быйылкы кышта биринчи жолу шаар күндүзгү көрсөткүчтөр боюнча «жашыл шаарлар» категориясына кирди, демек, мурдагыдай түтүн азыр жок. Түтүндун себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу үчүн борбор калаа бийлиги чоң иштерди аткарды. Мэрия шаарды тазалоо үчүн ар кандай ыкмаларды колдонууда жана биз буга рахмат айтышыбыз керек. Биз жакшыны таанууну үйрөнүшүбүз зарыл. Албетте, көйгөй толугу менен жок боло элек, бирок азыр түтүн мурдагыга караганда азыраак», — деп билдирди спикер.
Жогорку даражалуу чиновниктин билдирүүсү үмүт жандырат. Бирок бул акыркы айларда экологиялык күн тартибине көз салып жүргөндөрдө суроолорду жаратууда.
Терезе сыртындагы реалдуулук
Reporter.kg буга чейин бир нече жолу жазгандай, борбор калаа абасы эң кир шаарлардын дүйнөлүк тизмесине байма-бай кирип турган. Жада калса массалык жылытуу мезгили башталганга чейин абанын сапаты ден соолук үчүн кооптуу деп бааланган.
Декабрда жана январда Бишкек PM2.5 булгануу деңгээли боюнча дүйнөлүк антирейтингдерде бир нече жолу алдыга чыккан. Акыркы жылдары абанын сапаты кыштын эң олуттуу темасына айланды. Шаарды кара түтүн каптаганын түшүнүү үчүн бишкектиктерге тиркемелердин деле кереги жок — терезени кароо же жөн эле сыртка чыгуу жетиштүү, ал жакта дем алуу физикалык жактан оор.
Өткөн жылдары бийлик ар кандай, кээде радикалдуу идеяларды: көмүр менен жылытууга тыюу салуудан тартып, сырттан келген унаалардын киришин чектөөгө чейин сунуштаган. Бирок бул чаралар реалдуу сезилерлик жыйынтык берген эмес. Быйыл тактика өзгөргөндөй.
Түтүн менен эмес, датчиктер менен күрөшүү
Өткөн жылдан бери кооптуу тенденция байкалууда: зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуунун ордуна, аларды каттаган куралдардын саны азаюуда.
Декабрда Жаратылыш ресурстары министрлигинин инспекторлору абага мониторинг жүргүзүүчү датчиктерди текшерүү боюнча рейддерди өткөрүшкөн. Мекеменин өкүмү катаал болду: булгануунун жогорку деңгээлин көрсөткөн көптөгөн түзмөктөр техникалык талаптарга жооп бербейт имиш.
Натыйжада көптөгөн приборлор «туура эмес» деп жарыяланган. Бул парадоксалдуу кырдаалга алып келди: булгануу эч жакка кеткен жок, бирок аны каттоого алуу кыйындады.
Декабря 2024

Февраль 2025

Январь 2026

Жогоруда көрсөтүлгөн карталардан мониторинг тармагы кандай суюлганы даана көрүнүп турат. Шаарда «көрүнбөгөн зоналар» көбөйгөн.
Эксперттик көз караш: «кагаз жүзүндөгү» жакшыруубу?
Чындык кайсы жерде, спикердин сөзүндөбү же шаардыктардын сезиминдеби, ушуну аныктоо үчүн Reporter.kg редакциясы «МувГрин» экологиялык уюмуна комментарий сурап кайрылды. Адистер үч негизги суроого жооп берип, кырдаалга кеңири талдоо жүргүзүштү.
Чын эле аба таза болуп калдыбы же бул тандоодогу катабы?
Экологдор «тандоонун жылышуусу» деп аталган тобокелдиктер жөнүндө эскертишүүдө. Датчиктердин санын кыскартуу, өзгөчө жеке сектордо жана салттуу түрдө булгануу жогору болгон райондордо жалпы көрүнүштү бурмалайт.
«Эгер чекиттердин бир бөлүгү маалымат берүүнү токтотсо, анда шаар боюнча орточо көрсөткүчтөр жасалма түрдө жакшы көрүнүшү мүмкүн, анткени эсептөөлөрдөн эң көйгөйлүү локациялар түшүп калган. Толук маалымат жок болгондуктан, биз так айта албайбыз, бирок бул фактыны көз жаздымда калтырууга болбойт», — деп белгилешет «МувГринден».
Толук эмес маалыматтар боюнча абанын сапатына баа берүү дени сак органдардын температурасын гана ченеп, бейтаптын ден соолугуна баа бергенге барабар.
Мэриянын эмгегиби же жаратылыштын белегиби?
Төрага мэрияга ыраазычылык билдирүүгө чакырууда, бирок эксперттер аба ырайына рахмат айтууну сунушташат. Кышында негизги ролду метеошарттар ойнойт: шамал, температура жана инверсиянын (жылуу аба муздак кир абаны жерге басып калганда) болушу.
«Эгер кыш быйылкыдай жылуураак жана шамалдуу болсо, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы өзгөрбөсө да, алар табигый жол менен тарап кетет. Мэриянын эмгегин негизги фактор катары айтууга эрте», — деп эсептешет экологдор.
Албетте, муниципалитет белгилүү бир кадамдарды жасоодо, бирок муну менен катар экологияга зыян келтирген чечимдер да кабыл алынып жатат. Системалуу жана ырааттуу саясат азырынча байкала элек. Кыязы, убактылуу жакшыруу — бул узак мөөнөттүү түзүмдүк реформалардын эмес, аба ырайынын жагымдуу шарттарынын натыйжасы.
Сандар эмне дейт?
Эгер саясатты жана эмоцияны четке кагып көрсөк, зыяндуу PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясынын азайганына далил барбы?
«МувГриндин» жообу так: туруктуу түрдө жакшырып жатат дегенге далил жок.
Биринчиден, көрсөткүчтөрдү салыштыруу туура эмес, анткени мониторинг тармагы туруксуз болуп калды (ар кайсы мезгилде ар кандай датчиктер).
Экинчиден, ар кандай салыштыруу аба ырайына карата «нормалдаштырылышы» керек. Катуу шамалда төмөн сандар көмүрдү аз жага баштаганыбызды билдирбейт, болгону шамал түтүндү жакшы айдап жатканын билдирет.
«Азыркы учурда туура аныктама төмөнкүдөй: объективдүү маалыматтар боюнча PM2.5 концентрациясынын туруктуу төмөндөшүнө азырынча далилдер жок. Убактылуу өзгөрүүлөр жөнүндө гана айтууга болот, бирок тастыкталган тренд тууралуу эмес», — деп жыйынтыкташат эксперттер.