Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
«Манас» университетинин окутуучулары STEM-билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланышты
30.01.2026 | 14:37
«Манас» Кыргыз-Түрк университетинин окутуучулары мектеп окуучулары үчүн STEM-дисциплиналары боюнча заманбап окуу китептерин которууга жана адаптациялоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин сыйлыктарына ээ болушту. Педагогдордун жаңы муундагы билим берүү материалдарын жайылтуу боюнча иши жогору бааланды.
Билим берүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктери үчүн Алтынай Токтоматова жана Айбек Аданбаев «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланышты. Ал эми Нурзат Тотубаева, Камалбек Карымшаков жана Жазгүл Жакакова Билим берүү министрлигинин Ардак грамоталарына татышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим