Соцфондго акча төлөбөгөндөргө пенсия эмес, 2 миң сом жөлөкпул берүү пландалууда

Соцфондго акча төлөбөгөндөргө пенсия эмес, 2 миң сом жөлөкпул берүү пландалууда

Социалдык  фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн жасабаган жарандарга мындан ары пенсия эмес, жөлөкпул берүү пландалууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин өкмөт башчы Акылбек Жапаров Соцфондго акча төкпөгөндөргө мындан ары пенсия эмес, жөлөкпул төлөнө турганын билдирген. Жапаровдун билдирүүсүнөн кийин эл арасында аталган жөлөкпул 2 миң сомду түзөрү тууралуу сөздөр айтылган.

Гүлнура Жуматаева Соцфондго камсыздандыруу төгүмүн төлөбөгөн жарандарга 2 миң сомдон жөлөкпул берүү пландалып жатканын ырастады. Ошондой эле ал билдиргендей, пенсия алуу үчүн 5 жылдык минималдык стаж деген түшүнүк киргизүү пландалууда. Тактап айтканда, жаран пенсияга чыгуусу үчүн 5 жылдык стажы болушу шарт. Болбосо стажы 5 жылга жетпеген жарандар Соцфондго акча төлөбөгөндөргө окшоп жөлөкпул гана ала алышат. Ошол эле учурда 5 жылга стажы жетпеген адамдар Соцфондго ыктярдуу түрдө акча төлөп, стажын толуктап, пенсияга чыгууга мүмкүндүк ала алат.

Бара-бара 5 жылдык минималдык стаж 10, 15 жыл болуп, аягында 20 жылга чейин көтөрүлөт. Ошондо Кыргызстанда болочокто 20 жылдык минималдык стажы бар жарандар пенсияга чыгууга укуктуу болуп калат. Бирок бул иш бир нече жыл ичинде ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда аялдар 20, эркектер 25 жыл стаж менен пенсияга чыгат. Ошол эле учурда минималдык стаж деген түшүнүк болбогондуктан, 1 же 3 жылдык стажы бар адамдар да жаш курагы жеткенде пенсияга чыга алышат.

«Бул дагы дүйнөлүк практика. Арменияда минималдык стаж 20 жыл, Беларуста 20-25 жыл. Биз дароо 20 жыл минималдык стаж болсун деп киргизген жокпуз. 5 жылдан баштап, баскыч-баскыч менен 20 жылга көтөрөлү деп жатабыз. Жарандар камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө керектигин түшүнүүсү керек. Мамлекет камкор ата-эне катары балдарын өзүн-өзү эмгек акы таап, өзүн-өзү бакканга шарт түзүп бериш керек, тарбиялаш керек», — дейт ал.

Анын айтымында, учурда жарандар иштегени менен Соцфондго камсыздандыруу төгүмүн төлөбөй ,көмүскөдө жүрүүдө. Жуматаева эгер жарандар кийин пенсия алууну кааласа, Соцфондго сөзсүз акча которуу керектигин түшүнүүсү зарыл экенин белгиледи.

«Алар (Соцфондго акча төкпөгөн жарандар — ред.) иштебей жүрөт деп айтууга болбойт. Бирок камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөй келет. Эгерде ушуну (Соцфондго акча төлөө керектигин — ред.) ар бир жаранга жеткирсек, көмүскө да жоголот, салыктар да, камсыздандыруу төгүмдөрү түшө баштайт, экономикабыз да бара-бара оңоло баштайт.

Пенсиянын жөлөкпулдан айырмасы, пенсияны ар бир адам өзү иштеп табат. Жөлөкпулду мамлекет жарандар оор шартта болгондо гана жардам берет. Ар бир жаран пенсияны өзү иштеп таба турганын түшүнүүсү керек», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Соцфонддун камсыздандыруу төгүмүн төлөбөгөн жарандарга жөлөкпул берүү, 5 жылдык минималдык стаж тууралуу демилгелери Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо тапкандан кийин гана ишке ашырылат. Ошондой эле бул өзгөртүүлөр мыйзам кабыл алынгандан кийин пенсияга чыккан жарандарга тиешелүү болот.

Жапаров: Соцфондго акча төлөбөгөндөргө мындан ары пенсия берилбейт, жөлөкпул гана алышат (видео)

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>