Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Жапаров: Соцфондго акча төлөбөгөндөргө мындан ары пенсия берилбейт, жөлөкпул гана алышат (видео)
23.11.2023 | 11:36
Социалдык фондго акча төлөбөгөн жарандар, пенсия курагына жеткенде, пенсия берилбейт, анын ордуна жөлөкпул гана төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаровдун айтымында, пенсиялык реформанын алкагында элдин аң-сезимине карылыкка кам көрүү ар бир адамдын өзүнүн жоопкерчилиги жана милдети деген түшүнүк киргизилет.
“Пенсиялык саясат өзгөрүш керек. Пенсиялык фондого акча которбой жүргөн жарандардын баары жаш курагы боюнча пенсия эмес, мындан ары жөлөкпул алышат. Ал эми карылыгын ойлоп, Соцфондго акча чегерген жарандардын пенсиясы жыл сайын көбөйүп турат”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом