Жакырчылыкты жоюу: 100 миң сомдон алгандар кандай иш башташты?

Жакырчылыкты жоюу: 100 миң сомдон алгандар кандай иш башташты?

Бүгүн, 11-октябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында быйыл Кыргызстанда киргизилген социалдык келишим долбоорунун жүрүшү жана анын алкагында алынган акчаны жарандар кайсы багыттарга жумшап жатканы тууралуу айтып берди.

Министр белгилегендей, аталган долбоор алгач февраль айында Баткендин Кадамжай районунда жана Нарындын Жумгал районунда киргизилген. Долбоордун шартына ылайык келишимге кол койгон үй-бүлөлөргө иш баштоосу үчүн 100 миң сомдон берилген.

Долбоор аталган райондордо ийгиликтүү ишке ашырылгандыктан, ал өлкө боюнча жайылтыла баштаган. Учурда долбоордун алкагында 2 миң 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген.

«Бул долбоорго бюджеттен 292 млн сом бөлүндү. Ал 2023-жылы улантылып, 10 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлөт», — деди ал.

Бирок министрдин айтымында, социалдык келишим түзгөндөн кийин жөлөкпул алып жүргөн үй-бүлөлөр андан үч жылга ажырайт. 100 миң сом алгандан сон үч айдан кийин жөлөкпул үч жылга берилбей калат. Андан кийин жөлөкпул алуу үчүн кайра документ тапшыруу керек болот.

«Бул чынында тобокелчилик. Келишим түзүү тууралуу чечимди ар ким өзү чечиш керек», — деди ал.

Андан соң министрге «эгер келишим түзүп, иши болбой калса, жарандарга кайра жөлөкпул алуусуна мүмкүн болобу?» деген суроо узатылды. Ал белгилегендей, азыркы учурда 100 миң сом алган жарандардын ичинен иши жүрүшпөй калгандары жок. Акчалар максаттуу пайдаланылууда.

«Жарандар тобокелчиликке барып жатканын түшүнүшү керек. Адам өзү тандоо жасоосу зарыл. (…). Мен куру үмүттү бере албайм», — деди ал.

Базарбаевдин айтымында, бул долбоордун алкагында акча алган жарандар күнөсканаларды куруу, мал багуу (асыл тукум мал кармагандар да бар), брусчатка чыгаруу, автоунаа оңдоо, ширетүү жана башка иштерди ачышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>