Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Кыргыз-тажик чек арасындагы “Бор-Дөбө-автожол” өткөрүү жайы убактылуу жабылды
11.05.2024 | 12:36
Бүгүн, 11-майда “Бор-Дөбө-автожол” өткөрүү жайында техникалык жумуштар жүрө тургандыгына байланыштуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өткөрүү жайы саат 16:00дон баштап 12-майда саат 09:00го чейин жабылат.
Көп тараптуу “Бор-Дөбө-автожол” көзөмөл өткөрүү жайы Ош облусунун Алай районунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар