Сокулук районунун акиминин орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Сокулук районунда айыл чарба жерлерине байланышкан ири коррупциялык схеманы аныктады.
Маалыматка ылайык, 2012-жылдан бери ири жер ээлери айрым мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн түз көмөгү менен жалпы аянты 200 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз түрдө жеке турак жай курулушуна которуп, жарандарга сатышкан.
Мындан сырткары, бир эле жер тилкелери бир нече кишиге сатылып, жыйынтыгында адамдар акчасыз жана үй-жай курууга зарыл болгон жерсиз калган учурлар да аныкталган.
Бул факты боюнча Чүй ОИИББнин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголду.
Буга чейин аталган иштин алкагында ири жер ээлери болуп саналган 5 жаран (К.К., Ж.Н., Т.Т., О.А., К.А.) кармалган.
Ал эми 2025-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесинин негизинде Сокулук районунун акиминин орун басары, 1983-жылы туулган С.Р. да кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча ар тараптуу тергөө амалдары жүрүп, башка адамдардын да бул коррупциялык схемаларга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.