Сокулукта мектеп окуучуларын коркутуп, акча алып жүргөн деп шектелип студент кармалды

04.11.2025 | 11:45

Чүй облусунун Сокулук районунда 18 жаштагы студент мурда окуп кеткен мектебиндеги окуучулардан коркутуу менен акча алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу аталган облустун милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Instagram соцтармагына мониторинг жүргүзүлүп, анда аталган районго караштуу Кызыл-Туу айылынын бир мектебинде окуучулар арасында системалуу түрдө акча талап кылуу жана баш тарткан учурда аларга физикалык жана психологиялык басым көрсөтүшкөнү тууралуу маалымат жарыялангандыгы аныкталган. Мындан тышкары бул боюнча аталган айылдын 3 тургуну тарабынан арыздар келип түшкөн.

Бул маалыматтар каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында, мурда ушул мектепте окуган, учурда жогорку окуу жайынын студенти болгон, 2007-жылы туулган Б.А. жогоруда аталган мыйзамсыз иштерди кылып жүргөнү аныкталган. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул окуяга тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Scroll to Top