Сокулукта уруксатсыз иштеп жаткан медресе аныкталды. Анда 23 өспүрүм билим алып жаткан

31.03.2026 | 10:13

Чүйдүн Сокулук районунун Сокулук айылында уруксат берүүчү документтери жок иштеп жаткан жатаканасы бар медресе аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Текшерүү учурунда медреседе болжол менен 23 өспүрүм окуп жатканы, ошондой эле эки мугалим бар экени аныкталган. Аталган жайдан диний адабияттар алынган. Медреседеги жарандар ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, алынган материалдар боюнча соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалган.

Учурда медресе боюнча текшерүү иштери уланууда. Анын жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык процессуалдык чечим кабыл алынары айтылды.

Scroll to Top