Бүгүн, 22-январда таң эрте Чүйдөгү «Сосновка» жана Жалал-Абаддагы «Арал» постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мындай чечим Бишкек – Ош жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынган.